> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мурдагы каржы министринин орун басары Бишкекке вице-мэр болуп дайындалды
- URL: https://im.kg/all/2022/02/11/murdagy-karzhy-ministrinin-orun-basary-bishkekke-vice-mer-bolup-dajyndaldy/
- Published: 2022-02-11T15:39:10.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:02.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мирлан Байгончоков Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды. Башка вице-мэрлердин ортосунда милдеттер кайра бөлүштүрүлгөнүн борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.**

> Байгончоковго Бишкек шаарынын мэриясынын экономика жана инвестициялар башкармалыгынын, шаардык чарба башкармалыгынын ишин жана анын жашоо-турмушун камсыздоо тутумдарынын ишмердүүлүгүн каржылоо бөлүгүн координациялоо милдети тапшырылды. 

Эске салсак, Мирлан Байгончоков эки жолу Каржы министринин орун басары болгон: 2010-жылдан 2019-жылдын жай айына чейин жана 2020-жылдын ноябрь айынан 2021-жылдын августуна чейин.

Андан сырткары, башка вице-мэрлерге да милдеттенмелер бөлүштүрүлүп берилди. 

**Ага ылайык:**

- **Максатбек Сазыкулов** Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба жана санариптештирүү боюнча вице-мэри болуп дайындалды
- Бишкек шаарынын вице-мэри **Нурлан Шаршеналиев** эми муниципалдык менчик, жер пайдалануу, курулуш жана архитектура боюнча иш алпарат
- Бишкек шаардык мэриясынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри **Виктория Мозгачевага** жаштар менен иштөө жана туризмди өнүктүрүү боюнча милдеттенме берилди
- Буга чейин шаар куруу жана архитектура маселелерин жетектеп келген Бишкек шаарынын вице-мэри **Азат Узаков** транспорт маселесин көзөмөлдөйт.