> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өткөн жылы мамлекеттик ишканалар 10 млрд сомдон ашык киреше алышты
- URL: https://im.kg/all/2022/02/11/tk-n-zhyly-mamlekettik-ishkanalar-10-mlrd-somdon-ashyk-kireshe-alyshty/
- Published: 2022-02-11T13:29:24.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:03.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдор өткөн жылдын аягында 10 млрд сомдон ашык таза киреше алышкан. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондунан маалымдашканын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

> Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу **6 млрд сомго**, 2019-жылга салыштырмалуу 5 млрд сомго көп.

2021-жылы мамлекеттик ишканалардын ишинде да оң динамика байкалып, алар жалпы таза кирешеси 2 млрд сомдон ашык киреше алышкан. Бул 2020-жылга салыштырмалуу **914 млн сомго** жана 2019-жылга салыштырмалуу 1 млрд сомго көп.