> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өткөн жылы Кыргызстанга импорттук түшүүлөр 50%га өскөн
- URL: https://im.kg/all/2022/02/12/tk-n-zhyly-kyrgyzstanga-importtuk-t-sh-l-r-50-sk-n/
- Published: 2022-02-12T09:00:00.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:02.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылы Кыргызстандын башка өлкөлөр менен болгон соодасынын көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу 27%га өсүп, 7.2 млрд долларды түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет берди.**

> Мында экспорттук жеткирүүлөр 16%га кыскарса, импорттук түшүүлөр, тескерисинче, 50%га өскөн.

Кыргызстан менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы сооданын көлөмү өткөн жылы **3.4 млрд долларды** түздү (2020-жылга салыштырмалуу +41%). Экспорттук жеткирүүлөр 45%га, импорттук түшүүлөр 39%га өскөн.

Республиканын ЕАЭБдеги **негизги соода өнөктөштөрү** мурдагыдай эле Россия (жалпы соода көлөмүнүн дээрлик 67%) жана Казакстан (31%) болуп саналат.