> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жыл башынан бери алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары 3.6%га кымбаттады
- URL: https://im.kg/all/2022/02/12/zhyl-bashynan-beri-alkogolduk-ichimdikter-zhana-tameki-bujumdary-3-6-ga-kymbattady/
- Published: 2022-02-12T12:30:53.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:02.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү уланууда. Январда (2021-жылдын декабрына салыштырмалуу) алардын өсүшү 1%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.**

> Алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына баа **3.6%га** жогорулаган. Бишкекте товарлардын бул түрлөрү **5.6%га** кымбаттады.

Тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга баанын өсүшү 0.9%ды, калк үчүн тарифтер 0.5%ды, азык-түлүк эмес товарларга 0.4%ды түздү.

Өткөн жылдын январь-декабрында (мурдагы жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын өсүүсү **11.2%ды түзгөн.**

> Ушул эле учурда тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баасы **13.3%га**, **алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки 14.4%га**, азык-түлүк эмес товарлар **9.7%га**, кызмат көрсөтүүнүн тарифтери **7.1%га** көтөрүлгөнү байкалган.

2021-жылдын январь-декабрында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын баардык региондорунда байкалган.

> Мында баанын максималдуу өсүүсү башка региондорго салыштырганда **эң чоң пайыздык көрсөткүч** **(14.9%) Жалал-Абад** **облусунда** катталган. Ал жерде азык-түлүк эмес товарлардын баасы (20.1%га) жогору экени аныкталган.