> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2021-жылы калктын реалдуу акчалай кирешесинин көлөмү 7.5%га өскөн
- URL: https://im.kg/all/2022/02/14/2021-zhyly-kalktyn-realduu-akchalaj-kireshesinin-k-l-m-7-5-ga-sk-n/
- Published: 2022-02-14T10:15:11.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:02.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Республикада калктын номиналдык акчалай кирешелери 2021-жылдын январь-сентябрында 397 млрд сомду түздү жана 2020- жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 20%га көбөйдү.**

> Ошол эле учурда 2021-жылдын январь-сентябрында керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген калктын реалдуу акчалай кирешесинин көлөмү **355.2 млрд сомду** түзгөн жана 2020- жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу **7.5%га** өскөн.

2021-жылдын январь-сентябрында республика боюнча жалпысынан кирешелерди мүнөздөгөн милдеттүү төлөмдөрдү жана төгүмдөрдү эсепке албаганда, адам башына болгон колдогу акчалай киреше, айына 6 511.9 сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 18.5%га көбөйгөн.