> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан мамлекеттик карыздарынын эң көбүн 2024-2026-жылдары төлөйт
- URL: https://im.kg/all/2022/02/14/kyrgyzstan-mamlekettik-karyzdarynyn-e-k-b-n-2024-2026-zhyldary-t-l-jt/
- Published: 2022-02-14T09:58:55.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:06.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик карыздардын эң чоң үлүшүн төлөө 2024-2026-жылдарга туура келет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Каржы министрлигинин коллегиясында билдирди.**

Анын айтымында, буга байланыштуу экономиканын өсүү темпин тездетүү керек.

> «Көмүскөдөгү экономиканы түп-тамырынан бери жоюу, мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдү 50 млрд сомго чейин көбөйтүү жана ИДПнын көлөмүн адам башына жогорулатуу зарыл», – деди ал.

Ошондой эле Жапаров карыздар доллар менен төлөнө тургандыгын, бирок анын курсу кандай болору азырынча белгисиз экендигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча КРнын мамлекеттик карызынын көлөмү (тышкы+ички) **4 млрд 954.11 млн долларды** түзгөн.