> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тышкы иштер министринин жаңы орун  басары болуп Айбек Молдогазиев дайындалды
- URL: https://im.kg/all/2022/02/14/tyshky-ishter-ministrinin-zha-y-orun-basary-bolup-ajbek-moldogaziev-dajyndaldy/
- Published: 2022-02-14T17:22:01.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КР тышкы иштер министринин жаңы орун басары болуп Айбек Молдогазиев дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.**

Маалым болгондой, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев Тышкы иштер министринин жаңы орун басары Айбек Молдогазиевди министрликтин борбордук аппаратынын жамаатына тааныштырды.

Молдогазиев 2009-жылы президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген. 2017-жылдын августунан баштап Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүндө кеңешчи-кичи элчи, 2021-жылдын февраль айынан баштап Тышкы иштер министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.