> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2021-жылы алтынды экспорттоо үч эсеге кыскарган
- URL: https://im.kg/all/2022/02/15/2021-zhyly-altyndy-eksporttoo-ch-esege-kyskargan/
- Published: 2022-02-15T10:12:32.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:01.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылы алтындын экспорту 2020-жылга салыштырмалуу үч эсеге азайган. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.**

> Алсак, 2021-жылы Кыргызстандан 308 млн долларга 5.6 тонна алтын экспорттолсо, 2020-жылы 987 млн долларга 17.7 тонна экспорттолгон.

Белгилей кетсек, алтындын эң чоң көлөмү – дээрлик 4.1 тонна (234 млн доллар) Улуу Британияга жөнөтүлгөн. Дагы 1.1 тонна (51 млн доллар) Швейцарияга экспорттолгон.