> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Биз 400 млрд сомго биринчи кадамды жасадык – Акылбек Жапаров
- URL: https://im.kg/all/2022/02/15/biz-400-mlrd-somgo-birinchi-kadamdy-zhasadyk-akylbek-zhaparov/
- Published: 2022-02-15T13:44:59.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Өткөн жылы өлкөнүн бюджети 311 млрд сом суммасында аткарылган. Быйылкы жылы 400 млрд сомго жеткирүү пландаштырылууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда маалымат жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.**

Ал белгилегендей, Салык кызматы январь айында 7 млрд 965 млн сом план менен 8 млрд 464 млн сомго аткарып, план 500 млн сомго же 6.3%га ашыкча аткарылган.

Бажы кызматы 4 млрд 368 млн сом чогултуп, план 1 млрд сомго же 30%га ашык аткарылган.

> «Биз 400 млрд сомго карата биринчи кадамды жасадыз», – деди Жапаров.