> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен эң жогорку инфляциянын деңгээли КРда белгиленди
- URL: https://im.kg/all/2022/02/15/eaebge-m-ch-mamleketterdin-ichinen-e-zhogorku-inflyaciyanyn-de-geeli-krda-belgilendi/
- Published: 2022-02-15T11:02:34.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:47:25.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын январында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен эң жогорку инфляциянын деңгээли КРда белгиленди. Бул тууралуу Улутстатком билдирди.**

> 2022-жылдын январында 2021-жылдын январына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторундагы инфляциянын эң жогорку деңгээли (**11.2%**) КРда катталды.

Быйыл январь айында 2021-жылдын январына салыштырмалуу КРда азык-түлүк товарларынын (алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди эсепке алуу менен) баалары жана тарифтери – **12.8%га** жана азык-түлүк эмес товарлардын баалары жана тарифтери **9.7%га** көп өлчөмдө жогорулаган.

Белгилей кетсек, эң көп баалар [алкоголдук ичимдиктер менен тамеки азыктарына кымбаттаган](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/02/12/zhyl-bashynan-beri-alkogolduk-ichimdikter-zhana-tameki-bujumdary-3-6-ga-kymbattady/) (3.6%), айрыкча, баанын көтөрүлгөнү Бишкекте байкалган (5.6%).