> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Казакстан менен товар алмашуу келишимине ылайык, аларга быйыл 300 млн м³ суу беребиз – Жапаров
- URL: https://im.kg/all/2022/02/15/kazakstan-menen-tovar-almashuu-kelishimine-ylajyk-alarga-byjyl-300-mln-m-suu-berebiz-zhaparov/
- Published: 2022-02-15T15:58:53.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:29:41.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Казакстан менен товар алмашуу макулдашуусуна ылайык, аларга быйыл 300 млн м³ суу беребиз. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда маалымат жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.**

Жапаровдун айтымында, Кыргызстан Казакстан менен товар алмашуу келишимине кол койгон. Ага ылайык, республика жылына 300 млн кубометрге чейин суу берет. 

> «Биз эл аралык келишимдерди аткарууга даярбыз. Алар бизге 153 млн киловатт/с электр энергиясын бере элек, бирок толугу менен беребиз дешти. Ошондой эле алар бизге транзит да берип жатышат», – деди Жапаров. 

Белгилей кетсек, Токтогул суу сактагычында бүгүн, [15-февралга карата](http://www.energo-es.kg/ky/kompaniya-zhonundo/toktogul-water-volume/) 8.575 млн куб метр көлөмүндөгү суу бар. Суунун тартыштыгынан улам, республика учурда Токтогул ГЭСиндеги өндүрүштү азайтып, электр энергиясын импорттон алып жатат.

- Суу сактагычтагы суунун максималдуу деңгээли – **19.5 млрд** кубометр, нормалдуу көлөмү – **17.3 млрд** болсо, пайдалуу өлчөмү – **14 миллиардды** түзүш керек. Бирок кургакчыл мезгилдерден улам Токтогулдагы суу азайып жатат.