> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кумтөр боюнча Centerra менен сүйлөшүүлөр 15-мартка чейин аяктайт
- URL: https://im.kg/all/2022/02/15/kumt-r-bojuncha-centerra-menen-s-jl-sh-l-r-15-martka-chejin-ayaktajt/
- Published: 2022-02-15T11:46:22.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:01.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан** **Кумтөр боюнча канадалык Centerra компаниясы менен сүйлөшүүлөрүн 15-мартка чейин аяктайт. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда маалымат жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.**

Анын айтканына таянсак, февралдын аягынан 15-мартка чейин эки тараптын ортосундагы Кумтөр кени боюнча сүйлөшүүлөрү аяктайт. 

> «Биз бардыгына, анын ичинде парламентке да маалымат беребиз. Жыйынтыгын президент өзү жарыялайт. Тышкы башкарууну киргизгенибизде 48 миң доллар бар эле. Көрсө, алар акыркы төрт-беш жылдан бери акчаны чет өлкөдө сактап жүрүшкөн экен. Алар эртедир-кечтир кенди алып коюшат деп ойлошкон. Бирок алтындын баасы көтөрүлүп кеткендиктен кеткиси келбей жүрүшкөн», – деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы маалымат жыйынында айрым суроолор кайсы бир компаниянын коммерциялык сырына же мамлекеттик сырга тиешелүү болсо, аларга жооп бере албай турганын билдирди.