> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кызматкери коррупцияга шектелип кармалды
- URL: https://im.kg/all/2022/02/15/orus-kyrgyz-n-kt-r-fondunun-kyzmatkeri-korrupciyaga-shektelip-karmaldy/
- Published: 2022-02-15T14:00:57.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (ОКӨФ) башкармалыгынын мүчөсү Нурлан Мамытов коррупцияга шектелип, тергөө абагына камакка алынган. Бул тууралуу «Азаттыкка» Бишкектин Биринчи Май райондук соту тастыктаган.**

> Берилген [маалыматка](https://www.azattyk.org/a/31704160.html) таянсак, Мамытов УКМКнын кызматкерлери тарабынан Жазык кодексинин **«**Коррупция**»** беренесинин негизинде кармалып, ал 8-мартка чейин камакка алынган.

Ал эми ОКӨФ бул тууралуу расмий маалымат бере элек.

Эскерте кетсек, Нурлан Мамытов башкармалыктын мүчөсү болуп 2021-жылдын июнь айында жумушка киришкен.