> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2021-жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 млрд доллардан ашты
- URL: https://im.kg/all/2022/02/16/2021-zhyly-kyrgyzstandyn-mamlekettik-karyzy-5-mlrd-dollardan-ashty/
- Published: 2022-02-16T10:19:49.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын мамлекеттик карызы (тышкы+ички) 2021-жылдын 31-декабрына карата алдын ала маалыматтар боюнча 5 млрд 147 млн долларды (436 млрд сомдон ашык) түздү. Мындай маалыматты Финансы министрлиги жарыялады.**

Тышкы мамлекеттик карыз **4 млрд 294 млн доллар** (364 млрд сом) суммасында калыптанып, мамлекеттин жалпы карызынын 83%ын түздү. Ички милдеттенмелер **852 млн долларды** (72 млрд сом), тагыраак айтканда, мамлекеттик карыздын 17%ын түзгөн.

Белгилей кетсек, тышкы мамлекеттик карыз боюнча төлөмдөрдүн[ туу чокусу ](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/02/14/kyrgyzstan-mamlekettik-karyzdarynyn-e-k-b-n-2024-2026-zhyldary-t-l-jt/)жакындап баратат. Ал 2025-жылы башталып, 2030-жылга чейин уланат. Бул жылдар аралыгында Кыргызстан жылына **400 млн доллардан** ашык төлөп турат.