> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Министр дыйкандарга берилчү үрөндөрдүн так баасын жана берилчү күндөрүн айтты
- URL: https://im.kg/all/2022/02/16/ajyl-charba-ministri-dyjkandarga-berilch-r-nd-rd-n-tak-baasyn-zhana-berilch-k-nd-r-n-ajtty/
- Published: 2022-02-16T15:55:08.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:00.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 16-февральда Жогорку Кеңештин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=IbT0P4eesyA) Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Россиядан алынып келинип, дыйкандарга берилчү үрөндөрдүн так бааларын айтты.**

Министрдин айтымында, үрөндөр жолдо келе жатат. **22-февралда** Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына дыйкандар өздөрү берген арыздарынын негизинде таратылат.

> Россиядан келген үрөндөрдү дыйкандар «Айыл Банк» аркылуу 2 жылдык мөөнөткө, күрөөсү жок, жылдык үстөк пайызы 4.5% менен ала алышат.

Ошондой эле Жаныбеков алардын так бааларын айтып, жол чыгымдары менен кошо эсептелгенин кошумчалады.

##### Баалары:

- **Жаздык буудай** «Элита» – 45 сом 30 тыйын, биринчи репродукциясы – 45 сом 10 тыйын
- **Арпа** «Элита» – 53 сом 85 тыйын, биринчи репродукциясы – 47 сом 6 тыйын
- **Сафлор** –112 сом
- **Күн карама** – 399 сом
- **Соя** – 90 сом
- **Беде** – 632 сом

> «Үрөндөр Россиядагы илимий изилдөө институттарынын базасында үрөөнчүлүк жаатында иш алып барып жаткан чарбалардан алынууда. Заманбап сорттогу жаздык буудай, жаздык арпа, сафлор, соя, күн карама, кара беде жана буурчак үрөндөрү келет», – деди министр.