> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КР өзүн өсүмдүк майы менен толук 2026-жылы гана камсыз кыла алат
- URL: https://im.kg/all/2022/02/16/kr-z-n-s-md-k-majy-menen-toluk-2026-zhyly-gana-kamsyz-kyla-alat/
- Published: 2022-02-16T15:27:20.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:00.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КР өзүн өсүмдүк майы менен толук 2026-жылы гана камсыз кыла алат.** **Бул тууралуу бүгүн, 16-февральда Жогорку Кеңештин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=IbT0P4eesyA) Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков айтты.**

Министр республика өткөн жылдардагы көрсөткүчтөргө ылайык, учурда өзүн май менен камсыздоосу өтө эле төмөн экенин айтты. 

> «Биз өзүбүздү өсүмдүк майы менен камсыз кылыш үчүн 2026-жылга чейин барабыз, анткени учурда өзүбүздү 20%га жетпеген көлөмдө гана камсыздай алабыз», – деди министр.

Эскерте кетсек, 2021-жылы жыл башынан бери күн карама майынын баасынын туруктуу өсүшү байкалган – январь айында **литри 131 сомдон июнда 161 сомго** [чейин көтөрүлгөн](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/12/23/kumsheker-menen-s-md-k-majynyn-baalary-bir-zhylda-kandaj-zg-rd-serep/). Мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенден кийин анын баасы сентябрга чейин (150 сом), башкача айтканда, мамлекеттик жөнгө салуу аяктаганга чейин (25-август) төмөндөй баштаган.

##### Өсүмдүк майынын баасы кандай өзгөрдү?

*республика боюнча орточо баасы (сом/л)*

- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/02/imejdzh.png)