> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандыктарды кант менен камсыздаш үчүн 115 миң тонна таза кумшекер өндүрүлүш керек
- URL: https://im.kg/all/2022/02/16/kyrgyzstandyktardy-kant-menen-kamsyzdash-ch-n-115-mi-tonna-taza-kumsheker-nd-r-l-sh-kerek/
- Published: 2022-02-16T15:14:01.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:32:59.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандыктарды кант менен толук камсыздаш үчүн республика 115 миң тонна таза кумшекер өндүрүш керек. Мындай маалыматты бүгүн, 16-февральда Жогорку Кеңештин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=IbT0P4eesyA) айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.**

Анын айтымында, 2021-жылы **45 миң тонна гана** кант кызылчасы өндүрүлгөн. 

> «Ал эми кыргызстандыктардын ар биринин физиологиялык талабы 20-25 кг болсо, биз 110-115 миң тонна таза кумшекер өндүрүшүбүз керек», – деди министр. 

Эскерте кетсек, Кыргызстанда кумшекерге болгон орточо жылдык керектөө 100-110 миң тонна болсо, ички өндүрүш керектөөнүн [50-60%ын гана жабат](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/11/22/krnyn-kumshekeri-lk-n-n-kerekt-s-n-n-50-yn-gana-kamsyzdajt/). Өлкөнүн керектөөсүн толук камсыздоо үчүн кумшекер Россиядан, Белоруссиядан, Украинадан, Казакстандан жана башка өлкөлөрдөн алынып келинет.