> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Россиядан келген ишкерлер кыргыз компанияларын кыдырышат
- URL: https://im.kg/all/2022/02/16/rossiyadan-kelgen-ishkerler-kyrgyz-kompaniyalardy-kydyryshat/
- Published: 2022-02-16T14:18:28.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:00.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 16-февралда КРнын Соода-өнөр жай палатасында Россиянын Саратов облусунан келген ишкерлер менен бизнес-форум өттү. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы билдирди.**

Соода-экономикалык миссия КРнын СӨПү тарабынан Саратов облусунун СӨПү менен биргеликте уюштурулган. Анын алкагында, ошондой эле, кыргызстандык жана россиялык ишкерлер ортосунда В2В жолугушуулар өтүп, келишимдердин, сатыктардын жана дегеле кызматташуунун шарттары түздөн-түз талкууланды.

> Берилген маалыматка ылайык, Россиядан келген тарап, кыргызстандык ишкана компанияларга барат.

Делегациянын курамында **тамак-аш, фармацевтикалык, косметикалык, ветеринардык, химиялык** жана **өнөр-жайдын башка тармактары** үчүн таңгактоо жабдууларын өндүрүүчү компаниялар бар.