> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Депутаттар жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу үчүн АӨБдөн насыя алууну жактырышты
- URL: https://im.kg/all/2022/02/17/deputattar-zher-k-chk-tobokeldikterin-bashkaruu-ch-n-a-bd-n-nasyya-aluunu-zhaktyryshty/
- Published: 2022-02-17T09:53:20.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:48:18.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жогорку Кеңештин депутаттары Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) менен «КРгы** **жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу» долбоорунун алкагындагы кредиттик жана гранттык макулдашууларды ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырышты. Бул тууралуу кечээ, 16-февралда парламенттин басма сөз кызматы билдирди.**

> Долбоордун жалпы бюджети **39 млн долларды** түзөт. Анын ичинен гранттык каражат – **23.5 млн доллар** (долбоордун 60%), насыялык каражат – **11.5 млн доллар** (долбоордун 30%). Насыя алгачкы 8 жылга 1%дан, калган 32 жылга 1.5%дан кайтарылат.

Сунушталып жаткан мыйзамдын негиздемесинде 42 айылда жер көчкү тобокелдигин азайтууга болоору белгиленүүдө.