> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КР ЕРӨБдөн автобус алууга алчу акчанын басымдуу бөлүгү кредит түрүндө келет – 25 млн евро
- URL: https://im.kg/all/2022/02/17/kr-er-bd-n-avtobus-aluuga-alchu-akchanyn-basymduu-b-l-g-kredit-t-r-nd-kelet-25-mln-evro/
- Published: 2022-02-17T12:52:10.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:33:12.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы, депутат Бактыбек Сыдыков «Парламент» радиосуна Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) ортосундагы Кредиттик макулдашуунун негизинде алына турган 250 автобустарга берилчү 33 млн евро тууралуу маалымат берди.**

Анын айтымында, 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган эки тараптуу документ боюча ЕРӨБ **25 млн еврону насыя** түрүндө жана **8 млн еврону грант** түрүндө берет.

> «Каражат этап-этабы менен эки транш менен чегерилет. Жалпысынан бул долбоордун дээрлик наркы 33 млн еврого бааланууда», – деди тармактык комитеттин төрагасы.

Ошондой эле Сыдыков тандалып алына турган автобустар суюлтулган газ менен жүрөөрүн, алардын техникалык түзүлүшү жагынан да ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн ыңгайлуулугу менен айырмаланаарын кошумчалады.