> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРдан РФга Казакстан аркылуу темир жол менен өтүүгө орус тарап макул болгондон кийин гана мүмкүн болот
- URL: https://im.kg/all/2022/02/17/krdan-rfga-kazakstan-arkyluu-temir-zhol-menen-t-g-orus-tarap-makul-bolgondon-kijin-gana-m-mk-n-bolot/
- Published: 2022-02-17T14:57:19.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:05:01.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**21-февральдан тартып КРдан Россияга Казакстан аркылуу темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу транзитин кайрадан жандандырууга казак тарап макул болду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.**

15-16-февральда Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин жана Казакстандын премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун теңтөрагалыгы алдында КР менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча жумушчу топтун 1-жыйыны болуп өттү.

Негизги макулдашуулардын бири катары КРдан Россияга Казакстан аркылуу темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу транзитин кайрадан жандандырууга казак тараптын макулдугу болду.

> Ошондой эле кабинет РФга Казакстандын аймагы аркылуу темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну кайрадан жандандыруу **Россия тараптын макулдугун алгандан кийин гана мүмкүн** болорун белгиледи.