> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРнын жүк ташуучуларында QR-коду менен электрондук эсеп-фактурасы болбосо Казакстанда текшерүүгө кабылышат
- URL: https://im.kg/all/2022/02/17/krnyn-zh-k-tashuuchularynda-qr-kodu-menen-elektronduk-esep-fakturasy-bolboso-kazakstanda-teksher-g-kabylyshat/
- Published: 2022-02-17T16:29:46.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:04:23.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КРнын жүк ташуучуларында товарларды Казакстандын аймагына жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрүнө экспорттоодо ташылуучу товарга карата QR-коду менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактурасы болушу керек. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.** 

> QR-коду менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактуранын болушу – автотранспорт каражаттарына Казакстандын мамлекеттик киреше комитети тарабынан контролдук-текшерүү иш-чараларын өткөрбөстөн маршрут боюнча жүрүүгө мүмкүндүк берет. Бирок ал жок болгон учурда, багыттоо пунктунда **тиешелүү контролдук иш-чаралар жүргүзүлөт**.

Мындай чечим Алматы шаарында өткөн КР менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу топтун 1-отурумунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынды. 

Иш-чарага кыргыз тараптан Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев, МСКнын төрагасы Алтынбек Абдувапов, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.