> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда эми башкаларды адилетсиз «туурагандар» айып пул төлөшөт
- URL: https://im.kg/all/2022/02/17/kyrgyzstanda-emi-bashkalardy-adiletsiz-tuuragandar-ajyp-pul-t-l-sh-t/
- Published: 2022-02-17T15:34:27.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:00.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда адилетсиз атаандаштык үчүн айып пулдар киргизилди. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги билдирди.**

Мамлекеттик агенттиктен билдиришкендей, буга чейин КРнын мыйзамдарында адилетсиз атаандаштык үчүн жоопкерчилик каралган эмес.

> 2021-жылдын 1-декабрынан тартып КРнын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин киргизилиши менен кара ниет атаандаштык үчүн жеке жактарга **20 миң сом**, юридикалык жактарга **65 миң сом** өлчөмүндө айып салынат.

Ошол эле учурда **жеке ишкерлер** (кызматкерлерди жалдоо укугу бар) **юридикалык жак катары** жоопкерчиликке тартылышат.

##### Адилетсиз атаандаштык дегенде эмнени түшүнсө болот?

- товарларды же анын бөлүктөрүн көчүрүү, аларды техникалык колдонуу менен гана шартталган учурларды кошпогондо, башка чарба жүргүзүүчү субъекттин товарларын, ошондой эле анын таңгагынын формасын жана тышкы жасалгасын **уруксатсыз көчүрүү**
- башка субъекттин продукциясын анын патенттик мыйзамдарын бузуу менен **ага окшотуп кайра өндүрүү**
- башка чарба жүргүзүүчү субъекттин иши менен **чаташтырууга алып келиши мүмкүн болгон** башка бирөөнүн **товардык белгисин, тейлөө белгисин, товар чыгарылган жердин аталышын, фирмалык аталышын мыйзамсыз пайдалануу**
- интеллектуалдык иштин натыйжаларына болгон **укуктарын бузуу менен** товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү же башка чарба жүргүзүүчү субъекттин продукциясын өндүрүү, сатуу жана рынокко башка ат менен киргизүү (мыйзамсыз пайдалануу) ж.б.у.с.