> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто контрабанда жолу менен алынып келген 1 млн сомдук «пекин капустасы» табылды
- URL: https://im.kg/all/2022/02/17/oshto-kontrabanda-zholu-menen-alynyp-kelgen-1-mln-somduk-pekin-kapustasy-tabyldy/
- Published: 2022-02-17T10:02:28.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:00.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери 800 миң сомдон ашык контрабандалык товарды кармашты. Бул тууралуу Бажы кызматынын маалымат кызматы кабарлады.** 

Түштүк-Батыш бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарында KLAESER маркасындагы чиркегичи менен Scania маркасындагы автотранспорттук каражат токтотулуп текшерилген.

> Автоунаанын жүк салгыч бөлүгүн текшерип кароо учурунда жалпы салмагы 21 810 кг түзгөн, декларацияланбаган товар – «пекин капустасы» табылган. «Эксперт-Оценка» ЖЧКсынын корутундусуна ылайык, товардын болжолдуу жалпы орточо рыноктук баасы 872 400 сомду түзөт.

Аталган факт Түштүк-Батыш бажысынын АДС МКЖге катталып, Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.