> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстандын 87 миң долларлык карызын төлөөнү 2027-жылга чейин узартат
- URL: https://im.kg/all/2022/02/17/saud-n-kt-r-fondu-kyrgyzstandyn-87-mi-dollarlyk-karyzyn-t-l-n-2027-zhylga-chejin-uzartat/
- Published: 2022-02-17T10:23:38.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:38:58.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстандын карызын төлөөнү 2027-жылга чейин узартат. Бул тууралуу Финансы министри Алмаз Бакетаев Сауд өнүктүрүү фондунун делегациясы менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.**

> Сауд өнүктүрүү фонду **87.2 миң доллар** өлчөмүндөгү мамлекеттик тышкы карызды төлөөнү пайыздарды кошпостон 2027-жылдын августуна чейин узартат.

Жолугушууда Сауд өнүктүрүү фонду менен эки тараптуу жолугушуу болуп, эки тараптуу кызматташуу талкууланып, өз кезегинде Финансы министри «Мамлекеттик мектепти куруу» долбоорун ишке ашырууда **30 млн доллар** өлчөмүндөгү каржылык жардам жана №5 Улуттук компьютердик гимназия үчүн кошумча окуу корпусунун ачылыш аземине катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. 

Ошондой эле жолугушууда 2021-2026-жылдарга «Менин үйүм» турак-жай программасын ишке ашыруу талкууланды.