> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуу Британия менен кош салыкты болтурбоо боюнча мыйзам долбоору жактырылды
- URL: https://im.kg/all/2022/02/17/uluu-britaniya-menen-kosh-salykty-bolturboo-bojuncha-myjzam-dolbooru-zhaktyryldy/
- Published: 2022-02-17T13:11:18.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:00.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жогорку Кеңештин депутаттары кечээ, 16-февральда Кыргызстан, Улуу Британия жана Түндүк Ирландия өкмөттөрүнүн ортосундагы кош салыкты болтурбоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.**

  
Келишим ошондой эле кирешелерден жана капиталдык кирешелерден салык төлөөдөн качууну алдын алууга багытталган. Аталган мыйзам долбоору киреше жана капиталдын белгилүү түрлөрүнө салык салуу укугун ар бир мамлекетке бекитип берүү жолу аркылуу өнөктөш өлкөлөр жана чет өлкөлөр ортосундагы өз ара салыктык мамилелерди жөнгө салууну камтыйт.

Экономика жана соода министринин орун басары Канат Абдрахмановдун берген [маалыматына таянсак](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/02/16/uluu-britaniya-menen-krnyn-ortosundagy-sooda-zh-g-rt-242-mln-dollarga-kyskargan/), Улуу Британия менен КРнын ортосундагы соода жүгүртүү 2020-жылы 1 млрд доллардан ашса, 2021-жылы (январь-сентябрь) ал **242 млн долларга кыскарган**.