> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан рейтингде «орточо эркин» категориясынан «негизинен эркин эмес» категориясына өттү
- URL: https://im.kg/all/2022/02/18/kyrgyzstan-rejtingde-ortocho-erkin-kategoriyasynan-negizinen-erkin-emes-kategoriyasyna-tt/
- Published: 2022-02-18T13:30:01.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:30:53.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КР 2022-жылы экономикалык эркиндик индекси боюнча 116-орунду ээледи. Кыргызстандын экономикалык эркиндигинин көрсөткүчү 55.8 болду. Рейтинг [Heritage Foundation](https://www.heritage.org/index/country/kyrgyzrepublic) фонду тарабынан түзүлгөн.**

Ошол эле учурда Кыргызстан Азия – Тынч океан аймагындагы 39 өлкөнүн ичинен 24-орунду ээлеп, жалпы баллы аймактык жана дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн төмөн деп бааланган.

Изилдөөдө Кыргызстанда экономикалык өсүш 2020-жылы аябай төмөн болуп, бирок ал 2021-жылы калыбына келгени айтылат.

> Республикада экономикалык эркиндикти кеңейтүүнүн беш жылдык тенденциясы бузулганы белгиленет. Бизнес эркиндиги, эмгек эркиндиги жана мыйзам үстөмдүгү боюнча упайлардын төмөндөшүнүн шартында Кыргызстандын экономикалык эркиндигинен жалпы жоготуусу 2017-жылдан бери 5.3 баллды түзгөн. Өлкө **«орточо эркин» категориясынан «негизинен эркин эмес» категориясына** өткөн. Салыштырмалуу жеңил салыктарга карабастан, сот системасынын эффективдүүлүгү өтө эле алсыз деп бааланган.