> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда бир балага жөлөк пулдун өлчөмү 810 сомду түзөт – өтө аз
- URL: https://im.kg/all/2022/02/18/kyrgyzstanda-bir-balaga-zh-l-k-puldun-lch-m-810-somdu-t-z-t-t-az/
- Published: 2022-02-18T11:07:29.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:59.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда ар айлык жөлөк пулдун өлчөмү 810 сомду түзөт**. **Бул тууралуу бүгүн, 18-февральда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=Mv4xm4cmHcE) билдирди.**

Анын айтымында, бүгүнкү күндө жөлөк пулдун бир канча түрү бар:

- **Балага сүйүнчү**. Бул бир жолку төлөм. Толук автоматташтырылган жана бирдиктүү терезе аркылуу жүргүзүлөт. 2 күндүн ичинде берилет.
- **Үй-бүлөгө көмөк.** 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө ар айлык жөлөк пул.
- **Социалдык жөлөк пул.** Пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөк пул катары берилет
- ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар, балдар, ата энеси каза болгон балдар, улгайган жарандар, баатыр энелерге берилчү жөлөк пулдар.

Базарбаев учурда 110 миң үй-бүлөгө, тагыраак айтканда, 364 миң балага жөлөк пул берилип келээрин жана кепилденген кирешенин эң төмөн өлчөмү тууралуу айтып берди. 

> «Үй-бүлөгө көмөк боюнча 16 жашка чейинки балдарга ар айлык жөлөк пулдун өлчөмү 810 сомду түзөт. Кепилденген кирешенин эң төмөн өлчөмү 1000 сомду түзөт», – деди министр.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда **жашоо минимумунун өлчөмү 6383 сомду** [түзөт](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/10/25/kyrgyzstanda-zhashoo-minimumu-75-dollardy-t-zd/). 

##### **Аймактардагы жашоо минимуму**

*(адам башына орточо эсеп менен алганда, айына сом менен, 2020-2021)*

- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/02/zhashoo-minimum.png)