> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Социалдык фонддун планы 2021-жылы 111%га аткарылды
- URL: https://im.kg/all/2022/02/18/socialdyk-fonddun-zhalpy-kireshesi-2021-zhyly-111-ga-atkaryldy/
- Published: 2022-02-18T16:03:34.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:59.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Социалдык фондунун жалпы кирешеси 2021-жылдын алдын ала жыйынтыгы боюнча 62 571 млн сомду түздү. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы кабарлады.** 

> Бул такталган бюджеттен 100.5 %га көп. 2020-жылга аткарылган бюджетке салыштырмалуу 6 .5 млн сомго же **111.6%га** көбүрөөк.

**38.3 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүнөн** түшкөн. 2020-жылга салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жыйналышы 5.2 млн сомго же 115.7%га өскөн.

Аскер кызматчыларынын пенсиялык төлөмдөрүнө, жеңилдетилген пенсияларды, пенсияларга үстөк акыларды төлөөгө жана электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөргө республикалык бюджеттен милдеттүү бөлүнүүчү каражаттар 23.8 млн сом суммасында түшкөн.

Социалдык фонд **туумдардан** жана **айыптардан**, Социалдык фонддун эсептериндеги күнүмдүк калдыктарга пайыздардан, дивиденддерден ж.б. булактардан 365 млн сом киреше алган.

> Алдын ала маалыматтар боюнча 2021-жылы Социалдык фонддун жалпы чыгымдары 60 807.9 млн сомду түздү, бул 2020-жылга салыштырмалуу 4 171.9 млн сомго көп.

2021-жылы пенсияга керектелген 50 819.4 млн сом толук көлөмдө каржыланды. 2022-жылдын 1-январына карата пенсия төлөө боюнча карыздар жок. 2020-жылга салыштырмалуу пенсия төлөөгө керектелүүчү сумма 2 960.4 млн сомго көбөйгөнүн Соцфонддон билдиришти.