> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КР менен Кореянын өз ара соода жүгүртүүсү өткөн жылы 113 млн долларга жетти
- URL: https://im.kg/all/2022/02/21/kr-menen-koreyanyn-z-ara-sooda-zh-g-rt-s-tk-n-zhyly-113-mln-dollarga-zhetti/
- Published: 2022-02-21T16:28:15.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:59.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КР менен Кореянын ортосундагы өз ара соода жүгүртүү өткөн жылы дээрлик 113 млн долларга жетти. Бул тууралуу дипломатиялык миссиясы аяктап жаткан КРнын Кореядагы элчиси Динара Кемелова [билдирди](https://www.facebook.com/kgembassykr/posts/5247342815289939).**

Анын айтымында, COVID-19 пандемиясынын кесепетинен улам дүйнө кескин өзгөрүүлөргө дуушар болуп, адамдардын ишмердүүлүгү жана экономикалык активдүүлүгү олуттуу чектелген.

> «Бирок мындай жагдайларга карабастан, биз саясий кызматташтыкты жөндөндүрө алдык. Эки тараптуу экономикалык мамилелерди кеңейтүү, Кыргызстанга инвестицияларды жана туристтерди тартуу, кыргыз продукциясын Кореяга экспорттоо боюнча иштер улантылды. Өткөн жылы **112 млн 990 миң доллар** соода жүгүртүү менен **рекорддук көрсөткүчкө** жеттик. Элчи болуп иштеп турганда биздин Элчилик тарабынан себилген «үрөндөр» жакынкы аралыкта өнүп чыгат деген үмүттөмүн», – дейт Элчи.

Эскерте кетсек, Динара Кемелова КРнын Кореядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Сеул шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Въетнамдагы Элчиси кызматынан бошотулду. Анын ордуна Аида Исмаилова [дайындалды](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/02/17/aida-ismailova-krnyn-koreyadagy-elchisi-bolup-dajyndaldy/).