> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан жакында ала турган автобустарга жыл сайын 2.8 млн евродон кредит төлөйт – дагы карыз
- URL: https://im.kg/all/2022/02/21/kyrgyzstan-zhakynda-ala-turgan-avtobustarga-zhyl-sajyn-2-8-mln-evrodon-kredit-t-l-jt-dagy-karyz/
- Published: 2022-02-21T17:30:45.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:14:38.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан жакында дагы ала турган автобустарга жыл сайын 2.8 млн евродон кредит төлөйт. Бул тууралуу, бүгүн, 21-февральда Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=nP%5FZ4eBIrdg) Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.**

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган эки тараптуу документ боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) **25 млн еврону насыя** түрүндө жана **8 млн еврону грант** түрүндө берет. Бул каражатка борборго 250 автобус алуу каралууда.

Мэрдин айтымында бул кредит мэриянын бюджетинен төлөнөт. 

> «3 жылдан кийин жыл сайын 2.8 млн евродон төлөнөт. Учурда тариф боюнча саясат иштелип чыгып жатат», – деди Жунушалиев.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын мамлекеттик карызы (тышкы+ички) 2021-жылдын 31-декабрына карата алдын ала маалыматтар боюнча 5 млрд 147 млн долларды (436 млрд сомдон ашык) түздү. Мындай маалыматты Финансы министрлиги жарыялаган.

***Кошумча окуңуз:*** [2021-жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 млрд доллардан ашты](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/02/16/2021-zhyly-kyrgyzstandyn-mamlekettik-karyzy-5-mlrd-dollardan-ashty/).