> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# МСК бизнести ЕАЭБге товарларды электрондук эсеп-фактура менен экспорттоого чакырат
- URL: https://im.kg/all/2022/02/21/msk-biznesti-eaebge-tovarlardy-elektronduk-esep-faktura-menen-eksporttoogo-chakyrat/
- Published: 2022-02-21T09:45:03.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:44:55.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик** **салык кызматы (МСК) бизнести ЕАЭБ өлкөлөрүнө электрондук эсеп-фактура менен товарларды экспорттоого чакырды**. 

МСКнын төрагасы Алтынбек Абдувапов Алматы шаарында КР менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу топтун 1-отурумундагы кол коюлган документтердин бирине ылайык, **кыргызстандык жүк ташуучулар товарларды Казакстан аймагына жана ЕАЭБге мүчө башка өлкөлөргө экспорттоодо ташылуучу товарга карата QR-коду менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактурасы** болушу керектигин айтты. 

ЭЭФнын болушу автотранспорт каражаттарына Казакстан аймагындагы контролдук-текшерүү жол-жоболорун болтурбоо мүмкүндүгүн берет.

> «Бул биздин жүк ташуучулардын жолун жеңилдетет, анткени алар бир нече саат бою чек арада туруп, текшерүүдөн өтпөйт. Ошондуктан, QR-коду менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактураны алып жүрүү алардын кызыкчылыгы үчүн болот. Экинчиден, бул бир дагы контрабандалык жүк Кыргызстандын аймагына да, Казакстан тарапка да өтпөйт дегенди билдирет», – дейт ал.