> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Султанбай Айжигитов Бишкектин мэрия өкүлдөрүн каттуу сынга алды
- URL: https://im.kg/all/2022/02/21/sultanbaj-ajzhigitov-bishkektin-meriya-k-ld-r-n-kattuu-synga-aldy/
- Published: 2022-02-21T10:54:43.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:59.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 21-февральда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=9Lz4nfXShnA) депутат Султанбай Айжигитов Бишкек мэриясынын өкүлдөрүн каттуу сынга алды.**

Айжигитовдун радиациялуу миңдеген тонна көмүр каякта деген суроосуна Бишкектин вице-мэри Максат Сазыкулов так жооп бере алган жок. Мэрия өкүлдөрү ал көмүрдү ӨКМ Кара-Балта шаарына алып кеткенин, бирок андан ары эмне болгону тууралуу маалыматы жок экендигин билдиришти.

> «Докладыңар бир мүнөт. Анткени эч нерсе жасабай атасыңар, айтканга да эч нерсеңер жок. Кичине иш кылсаңар сайрап чыкмаксыңар. Социалдык тармактарды кошуп толтуруп жибермексиңер. Качан иштейсиңер. Жүз миңдеген көмүр каякка кетти?», – деди Айжигитов.

Мындан тышкары, депутат Бишкекте жаш балдардын чачынан табылып жаткан оор металл тууралуу сураганда, мэрия өкүлдөрү андай маалымат билишпегенин айтышты.