> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк ички рынокто бир дагы аффинаждалган алтын куймасын сата элек
- URL: https://im.kg/all/2022/02/21/uluttuk-bank-ichki-rynokto-bir-dagy-affinazhdalgan-altyn-kujmasyn-sata-elek/
- Published: 2022-02-21T10:01:29.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:59.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк ички рынокто бир дагы аффинаждалган алтын куймасын сата элек. Бул тууралуу vesti.kg регулятордун берген маалыматына таянып жазды.**

> Эскерте кетсек, УБ 1-февралдан тартып, 12 килограммдан 13 килограммга чейинки алтын куймаларын сатыкка койгон. Эң кичине куймасынын баасы **– 58 млн сом** (12.3 кг) болсо, эң чоңу – **64 млн сомдон** (13 кг) ашат. Бирок жөнгө салуучу эч бир куйма сатыла электигин билдирген.

Аффинаждалган алтын куймалары «Кыргызалтын» ААК тарабынан 10 900 граммдан 13 400 граммга чейинки салмакта даярдалган жана куйманын лигатурдук салмагынын кеминде **99.95%ын** химиялык таза металл түзөт. 

***Кошумча окуңуз:*** [Улуттук банк 12 кг алтын куймаларын сатып баштады. Бир куймасы канча турат?](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/02/01/uluttuk-bank-12-kg-altyn-kujmalaryn-satyp-bashtady-bir-kujmasy-kancha-turat/)