> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жылдын аягына чейин Бишкекте таштанды сорттоочу завод курулат – вице-мэр
- URL: https://im.kg/all/2022/02/21/zhyldyn-ayagyna-chejin-bishkekte-tashtandachy-sorttoochu-zavod-kurulat-vice-mer/
- Published: 2022-02-21T10:31:13.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:59.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жылдын аягына чейин Бишкекте таштандачы сорттоочу завод курулат. Бул тууралуу бүгүн, 21-февральда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=9Lz4nfXShnA) Бишкек шаарынын вице-мэри Максат Сазыкулов билдирди.**

Анын айтымында, 2022-жылдын III кварталына чейин заводдун курулушу аяктайт.

> «Быйыл жылдын аягына чейин таштандачы сортточу завод курулуп калат. Ал заводду курууга **280 млн евро** акча каралган, бул анык, учурда ЕРӨБдүн эсебинде турат», – деди ал.

Белгилей кетсек, заводдун курулушу ЕРӨБдүн долбоору менен каржыланат. Бюджети **22 млн еврону** түзөт, анын ичинен 11 млн доллары жеңилдетилген насыя түрүндө, 3 млн доллары болсо – атайын грант түрүндө берилет. Калган **8 млн доллар** – Борбордук Азия үчүн инвестициялык фондунун Европа Биримдигинин гранты болуп эсептелет.

- Бирок вице-мэр заводдун курулушуна **280 млн евро** бөлүнөт деген маалыматты айтты.

***Кошумча окуңуз:***[Бишкектеги таштандыларды сорттоочу заводдун курулушуна тендер март айында жарыяланат – бюджет 22 млн евро](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/02/11/bishkektegi-tashtandylardy-sorttoochu-zavoddun-kurulushuna-tender-mart-ajynda-zharyyalanat-bjudzhet-22-mln-evro/)

[Таштанды полигонун рекультивациялоого 10.5 млн евро сарпталган, бирок эч бир иш жасалбаган – мэрия](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/10/07/tashtandy-poligonun-rekultivaciyaloogo-10-5-mln-evro-sarptalgan-birok-ech-bir-ish-zhasalbagan-meriya/)

[Эстониялык компания Бишкектеги таштанды полигонун жабуу жана калыбына келтирүү иштерин баштайт](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/06/09/estoniyalyk-kompaniya-bishkektegi-tashtandy-poligonun-zhabuu-zhana-kalybyna-keltir-ishterin-bashtajt/)