> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон грант берилди
- URL: https://im.kg/all/2022/02/22/batkende-az-kamsyz-bolgon-j-b-l-l-rg-100-mi-somdon-grant-berildi/
- Published: 2022-02-22T10:55:57.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:58.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында Баткенде аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдон тапшырылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.**

Акылбек Жапаров Баткен облусунун Кадамжай районундагы аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө 100 миң сом өлчөмүндөгү гранттарды тапшыруу аземине катышты.

Жапаров билдиргендей, бул пилоттук долбоор республиканын эки районунда ишке кирген жана ал бүтүндөй республика боюнча ишке ашырылат. 

> «Алынган гранттар сиздин ийгилигиңизге жана бакубат жашооңузга өбөлгө түзөт деп ишенебиз. Сиздер тапшырган бизнес-пландардын арасында асыл тукум мал жана канаттууларды өстүрүү, тигүүчүлүк, ширетүүчүлүк боюнча демилгелер бар. Эң негизгиси, грант өз максатында жумшалып, бизнес-идеяңызды ийгиликтүү ишке ашырууга мүмкүндүк берет», – деди Акылбек Жапаров.

- Баткен облусунда 14 миңден ашуун аз камсыз болгон үй-бүлө каттоодо турат, 45 миң 396 бала 810 сомдон жөлөк пул алат.

#### Маалымдама

**«Социалдык контракт»** – бул аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен мамлекеттин ортосундагы келишим, анын алкагында аяр катмардагы үй-бүлөлөр гранттык каражаттарды, ошондой эле финансылык сабаттуулукка окутууну, бизнес-план түзүүгө көмөк көрсөтүүнү, кесиптик же айыл чарбалык билим берүүнү, ийгиликтүү узак мөөнөттүү бизнес үчүн коомдук кызматтарды жана насааттарды камтыган комплекстүү колдоо пакетин алат. 

> Долбоор **айыл чарбасы, тигүү кызматтары** сыяктуу ишмердүүлүк жана башка демилгелер үчүн бизнес-идеялары, башталгыч активдери жана базалык билими бар жакырчылыктын чегинде жашаган үй чарбаларына багытталган.

Айрым учурларда социалдык контракттар жергиликтүү бизнес жана жеке ишкерлер менен өнөктөштүктө ишке ашырылат, алар аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн туруктуу иш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн түзүшөт.