> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте 650 км жолдо асфальт жок – быйыл анын 40 км гана төшөлөт
- URL: https://im.kg/all/2022/02/22/bishkekte-650-km-zholdo-asfalt-zhok-byjyl-anyn-40-km-gana-t-sh-l-t/
- Published: 2022-02-22T13:46:14.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:58.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкекте асфальттанбаган жол 652 чакырымды түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда ЖКнын Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=SlYETWf2CIQ) Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.** 

Анын айтымында, бул жылы өзгөчө тратуарларга көңүл бурулуп жатат, бирок шагылдуу жолдордун бир аз бөлүгү да оңдолот.

> «652 км асфальттанбаган жолдун 40 км жолун быйыл ноябрь айына чейин асфальттайбыз», – деди мэр.

Жунушалиев жергиликтүү бюджеттин киреше булагын көтөргөндөн кийин гана жолдорду оңдоо мүмкүнчүлүгү түзүлөөрүн кошумчалады.