> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Көп жүргүзүлгөн интервенциялардан улам Улуттук банктын кирешеси 11 млрд сомго чейин өстү – Бөкөнтаев
- URL: https://im.kg/all/2022/02/22/k-p-zh-rg-z-lg-n-intervenciyalardan-ulam-uluttuk-banktyn-kireshesi-11-mlrd-somgo-chejin-st-b-k-ntaev/
- Published: 2022-02-22T09:18:54.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:33:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев кечээ, 21-февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Улуттук банктын кирешеси 2018-жылдагы 2.1 млрд сомдон 2021-жылы 10.9 млрд сомго чейин кантип өскөнүн айтып берди.**

Бөкөнтаевдин айтымында, кирешенин мындай көлөмү чет элдик валюта менен жүргүзүлгөн операциялардан, тактап айтканда, курстук айырманын эсебинен келген.

> «Көптөгөн интервенциялар бизге ушундай киреше алып келди», – деди ал.

Улуттук банктын башчысы 2021-2022-жылдардагы кирешенин 90%ын республикалык бюджетке которуу боюнча мыйзам долбоорун колдой турганын билдирди.

> «Бул мыйзам республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында демилгеленген. Мунун баары учурда биз пандемиянын кесепеттерин баштан кечирип жатканыбызга байланыштуу. Ошондуктан бизге 10% эле калганына карабай, бул долбоорду колдойбуз», – деди Бөкөнтаев.

- Белгилей кетсек, Улуттук банктын январь айында кирешеси 2021-жылдын январь айына (1 млрд сом) салыштырмалуу **үч эсеге көбөйүп**, **3.1 млрд сомду** түзгөн. Мындай маалыматтар жөнгө салуучу органдын сайтында жарыяланган.

Улуттук банктын активдери 297.8 млрд сомду (2020-жылга карата +25.5 млрд сом) түздү. Милдеттенмелер 237.4 млрд сом (+36.3 млрд) деңгээлинде түзүлгөн. Жөнгө салуучунун жалпы капиталы **60.4 млрд сомду** түздү.