> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» холдингинин уставдык капиталын 1 млрд сомго чейин жеткирүү тапшырылды
- URL: https://im.kg/all/2022/02/22/uluu-k-chm-nd-rd-n-murasy-holdinginin-ustavdyk-kapitalyn-1-mlrd-somgo-chejin-zhetkir-tapshyryldy/
- Published: 2022-02-22T09:51:52.000Z
- Updated: 2023-05-30T07:05:59.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Финансы министрлигине 2022-жылы «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдингинин уставдык капиталын 1 млрд сомго чейин жеткирүү тапшырылды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.**

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» ААКтын уставдык капиталы **100 млн сомду** түзөт. Анын уюштуруучусу Финансы министрлиги болуп саналат.

Финансы министрлиги коомдун уставын жана уставдык капиталын бекитти. Уставга ылайык, ал холдингдик компания катары коомдун менчигинде же башкаруусунда турган юридикалык жактарды натыйжалуу башкарат.

> «Компания мамлекеттик маанидеги пайдалуу кендерди жана башка кендерди иштетүү, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү, инвестициялык жана инновациялык ишмердүүлүктү стимулдаштыруу, жаңы технологияларды жана башкаруунун алдыңкы ыкмаларын киргизүү менен алектенет», — деп айтылат билдирүүдө.