> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте рубль 1 сомдон төмөндөдү
- URL: https://im.kg/all/2022/02/24/bishkekte-rubl-1-somdon-t-m-nd-d/
- Published: 2022-02-24T12:24:21.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Украинадагы окуялардан улам Бишкекте рублдин сатып алуу курсу 1 сомдон төмөн түштү. Бул тууралуу valuta.kg порталынын маалыматы тастыктайт.**

> Бүгүн рублдин сатып алуу курсу **0.83 сомду**, сатуу курсу **1 сомду** түздү. Кечээ эле, 23-февралда 1 рубль 1.06 сомдон сатылып алынып, 1.09 сомдон сатылган.

- Белгилей кетсек, рубль арзандап жатат.

Россиялык басылмалардын маалыматына караганда, рублдин долларга жана еврого карата курсу кескин төмөндөп, Украинадагы окуялардын фонунда Москва биржасынын индекси 11%га ылдыйлады. Доллар 84 рублдан, евро 95 рублдан ашты.

Буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин Украинада «атайын операциялар» башталганын билдирген. Таңкы саат 5:00 чамасында Украинанын бир катар шаарларында катуу жардыруу болду.