> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун карызы 181 млн сом – Жуманазаров
- URL: https://im.kg/all/2022/02/24/mildett-medicinalyk-kamsyzdandyruu-fondunun-karyzy-181-mln-som-zhumanazarov/
- Published: 2022-02-24T12:01:24.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:58.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММК фонду) карызы 181 млн сомду түздү. Бул тууралуу ММК фондунун жетекчиси Артурбек Жуманазаров бүгүн, 24-февралда Жогорку Кеңештин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=U1QlbgLRf5c) билдирди.** 

Белгилей кетсек, ушул эле жыйында ММК фонду 2020-жылы 390 млн сомду максатсыз жана мыйзамсыз жумшаганын Эсептөө палатасы [билдирди](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/02/24/mildett-medicinalyk-kamsyzdandyruu-fondu-390-mln-somdu-myjzamsyz-zhumshagan/). Аталган каржылык мыйзам бузуулар тууралуу суроолорго жооп берип жатып Жуманазаров фонддун учурдагы карызы көп экенин айтты. 

> «Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун карызы 181 млн сом болду. Учурда акча түшкөн сайын материалдык резервге төлөп жатабыз», – деди ал. 

Улан Примов катардагы дарыгерлердин эсебинен эмес, убагында мыйзамсыз чечимдерге жол берген мекеме жетекчилердин эсебинен толөнүш керек деген пикирин билдирди.

Бүгүнкү жыйында «КРнын өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» мыйзам долбоору каралууда.