> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мыйзам колдоо тапса, КРга кирген чет өлкөлүк жарандар медициналык камсыздандыруу алууга милдеттенишет
- URL: https://im.kg/all/2022/02/24/myjzam-koldoo-tapsa-krga-kirgen-chet-lk-l-k-zharandar-medicinalyk-kamsyzdandyruu-aluuga-mildettenishet/
- Published: 2022-02-24T13:26:44.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:44:17.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 24-февралда Жогорку Кеңештин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=U1QlbgLRf5c) депутат Айбек Маткеримов Кыргызстанга кирген чет өлкөлүк жарандар милдеттүү түрдө медициналык камсыздандырууну алуусу керек деген пикирин билдирди.**

Депутаттын айтымында, КРнын жарандары чет өлкөгө барганда сөзсүз түрдө алышат жана чет өлкөлүктөрдү да милдеттендирүү зарыл. 

Саламаттыкты Сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бул мыйзам өткөн чакырылыштын депутаттарына да сунушталганын айтты.

> «Азыр кайрадан бул чакырылышка мыйзам долбоорун киргизип жатабыз. Эгер колдоп берсеңиздер, чет элдик студенттер жана жарандар баары алышат», – деди министр.

Эскерте кетсек, учурда милдеттүү камсыздандыруу төлөмү чет өлкөлүктөр үчүн – **7 миң сом**, ал эми КРнын жарандарына – **1200 сомду** түзөт.

*Сүрөт: sputnik.kg*