> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айыл чарба азыктарынын айрым түрлөрүн өлкөдөн экспорттоого тыюу салуу сунушталууда
- URL: https://im.kg/all/2022/02/25/ajyl-charba-azyktarynyn-ajrym-t-rl-r-n-lk-d-n-eksporttoogo-tyjuu-saluu-sunushtaluuda/
- Published: 2022-02-25T16:28:22.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:42:40.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Айыл чарба министрлиги Кыргызстандын жана ЕАЭБдин аймагынан тышкары айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүн экспорттоого убактылуу тыюу салуу боюнча токтом долбоорун демилгеледи. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.**

> Аталган токтом долбоору Министрлер кабинетинин расмий [сайтында ](https://www.gov.kg/ky/npa/s/3659)коомдук талкууга чыкты.

ЕАЭБдин аймагынын чегинен сыртка ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу белгиленген айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнүн тизмеги:

- Буудай жана меслин
- Буудай уну
- Күн карама уруктары
- Өсүмдүк майы
- Кумшекер
- Инкубациялоо үчүн уруктандырылган жумурткалар Үй канаттуулар жумурткалары

Бул токтом күчүнө кирген күндөн тартып, жети күн өткөндөн кийин убактылуу тыюу салуу 6 айга киргизилет.