> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенде чек ара окуясында жабыркагандар ар айлык социалдык жөлөкпул алышат
- URL: https://im.kg/all/2022/02/25/batkende-chek-ara-okuyasynda-zhabyrkagandar-ar-ajlyk-socialdyk-zh-l-kpul-alyshat/
- Published: 2022-02-25T14:55:39.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:57.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер Кабинети тарабынан 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул дайындоонун жана төлөөнүн тартиби боюнча токтом кабыл алынды. Бул тууралуу кабинеттин маалымат кызматы кабарлады.** 

Кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул төмөнкүлөргө берилет:

- курман болгон жарандын балдары жана асырап алган балдары – ата-энесинин өлгөн күнүнөн тартып, алар он сегиз жашка толгонго чейин
- курман болгон жарандын ата-энеси (атасы, энеси) – пенсия курагына жеткен күндөн тартып, эгерде курман болгон адам жалгыз бала болсо – өмүр бою
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп табылган жарандар – майыптуулук белгиленген күндөн тартып медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатынын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин. Кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул эсептик көрсөткүчтөрдүн отуз жети өлчөмүндө дайындалат.

Эскерте кетсек, талкаланган социалдык объектилерди калыбына келтирүү үчүн республикалык бюджеттен **250 млн сом,** каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөөгө **51.6 млн сом** [бөлүнгөн болчу](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/08/13/chek-ara-zha-zhalynan-batkenge-keltirilgen-zyyan-1-3-mlrd-somdon-ashty-kompensaciya-anyn-zharymyn-da-zhappajt/). Чек ара жаңжалынан Баткенге келтирилген зыян **1.3 млрд сомдон** ашкан.