> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КР Казакстандан автотранспорт техникаларын алууну карап жатат
- URL: https://im.kg/all/2022/02/25/kr-kazakstandan-avtotransport-tehnikalaryn-aluunu-karap-zhatat/
- Published: 2022-02-25T17:33:50.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:57.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Автоунаа тармагындагы кызматташуунун алкагында кыргыз тарап казактардан автотранспорт техникаларын сатып алуу жана лизингге алуу маселесин кароодо. Бул тууралуу казак өкмөтүнүн маалымат кызматы [кабарлады](https://www.primeminister.kz/ru/news/premer-ministr-a-smailov-provel-peregovory-s-predsedatelem-kabineta-ministrov-kyrgyzstana-a-zhaparovym-2415342).**

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов Нур-Султан шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында эки тараптуу жолугушуу өткөрүшкөн.

> Аталган жолугушууда кыргыз тарап автотранспорт техникаларын **сатып алуу** жана **лизингге алуу** **маселесин карап жатканын** жана учурда **техникалык маселелер иштелип жатканын** айткан. 

Ошондой эле казак өкмөтүнүн маалымат кызматы жолугушууда суу жана энергетикалык кызматташуу тууралуу тараптар транс-чек аралык дарыялардын агымы боюнча Сырдарыя, Чу жана Талас дарыяларынын бассейндериндеги суунун жетишсиздигинин терс кесепеттерин жоюуга мүмкүн болгон маселелер чечилгенин билдирди.