> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Мамлекеттик ипотекалык компаниянын» уставдык капиталын 8.5 млрд сомго көтөрүү тапшырылды
- URL: https://im.kg/all/2022/02/25/mamlekettik-ipotekalyk-kompaniyanyn-ustavdyk-kapitalyn-8-5-mlrd-somgo-k-t-r-tapshyryldy/
- Published: 2022-02-25T12:05:08.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:54:46.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) программасын ишке ашырууга каражаттарды бөлүү темпин тездетүү үчүн Финансы министрлигине тапшырма берди.**

> Тапшырмага ылайык, үстүбүздөгү жылдын март айынын аягына чейин 1 млрд сомго чейин каржылоо маселесин иштеп чыгуу жана андан соң 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ипотекалык программаны ишке ашыруу максатында «МИК» ААКтын уставдык капиталын **8.5 млрд сомго** көбөйтүү зарыл.

Мындан тышкары, Аалиев Экономика жана коммерция министрлигине, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жана «МИК» ААКга турак-жай курулушун стимулдаштыруу максатында ипотекалык кредиттөө программасына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырмасын берди.