> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Россия менен КРнын өз ара соода жүгүртүүсү 2.5 млрд долларга жакындады
- URL: https://im.kg/all/2022/02/25/rossiya-menen-krnyn-z-ara-sooda-zh-g-rt-s-2-5-mlrd-dollarga-zhakyndady/
- Published: 2022-02-25T10:14:32.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:58.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Россия менен КРнын өз ара соода жүгүртүүсү 2.5 млрд долларга жакындады. Бул тууралуу Нур-Султан шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында өткөн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун РФнын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушуусунда белгилүү болду.**

Жапаров белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын март айында КР менен РФнын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгына 30 жыл толот.

> «Эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык динамикалуу өнүгүп жатат. Алсак, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча эки мамлекеттин ортосундагы товар жүгүртүү 47%га өсүп, 2.5 млрд долларга жакындады. Гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтык кеңейүүдө», – деди ал. 

Михаил Мишустин өнөр жай, машина куруу, радиоэлектроника, санариптик экономика, жашыл энергетика жана транспорт тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.