> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банктын эл аралык резервинде 2.8 млрд доллар бар
- URL: https://im.kg/all/2022/02/25/uluttuk-banktyn-el-aralyk-rezervinde-2-8-mlrd-dollar-bar/
- Published: 2022-02-25T10:22:24.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:57.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын 22-февралына карата Улуттук банктын эл аралык резерви 2 млрд 792.4 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу регулятордун кечээ, 24-февралда валюта рыногундагы абал боюнча билдирүүсүндө айтылды.** 

Улуттук банктын билдирүүсүнө таянсак, бул эл аралык резервдеринин көлөмү жетиштүү жана ал өлкөнүн товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр рыногунун келечектеги көлөмүнүн **6 айын камсыздайт**. 

> «Эл аралык резерв запасынын жетиштүү болушу жана валюталык интервенцияларды жүргүзүү аркылуу Улуттук банктын ыкчам кийлигишүү мүмкүнчүлүгүнүн болушу валюта рыногунда жагдайдын туруктуу абалда кармалып турушун камсыз кылат», – деп айтылат билдирүүдө.