> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көл айланма жолунун курулушу боюнча кредиттик макулдашуу ратификацияланды
- URL: https://im.kg/all/2022/02/25/ysyk-k-l-ajlanma-zholunun-kurulushu-bojuncha-kredittik-makuldashuu-ratifikaciyalandy/
- Published: 2022-02-25T17:47:36.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:57.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаров Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун ортосунда Ысык-Көл айланма автомобиль жолунун (Корумду-Балбай участогу) долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоого кол койду.**

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 2-февралында кабыл алынган. Эскерте кетсек, Ысык-Көлдөгү 80 чакырымдык **[велосипед жолу](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/12/06/ysyk-k-ld-80-chakyrymdyk-velosiped-zholu-kurulat/)** да ушул долбоордун алкагында курулаары буга чейин айтылган болчу. 

> Макулдашуу менен Балыкчы — Каракол — Балыкчы автожолунун (Корумду а. — Балбай а.) 104 — 184.5 км тилкесин реконструкциялоо каралат.

##### **Долбоор төмөнкүлөрдү камсыздайт:**

- Ысык-Көлдүн курорттук аймагынын республиканын облустары, ошондой эле Казакстан жана КЭР менен жол байланышын жакшыртууну
- ички жана эл аралык туризмди мындан ары өнүктүрүү үчүн Ысык-Көл шакекчесинин жол жээгиндеги инфраструктурасын жакшыртууну
- өнөр жай өндүрүшүнүн жана айыл чарбасынын өнүгүүсү жана өсүшүн
- Ысык-Көл шакегин Казакстандын жана Россиянын жолдору менен байланыштырууну.

> Реконструкциялоо иштеринин жүрүшүндө аялдамаларды, арыктарды орнотуу, жарыктандыруучу лампаларды орнотуу, көпүрөлөрдү реконструкциялоо жана кеңейтүү, веложол жана тротуарларды куруу жана башкалар аркылуу жолду жабдуу каралган.

**Жолдун техникалык абалын жакшыртуу менен төмөнкүлөргө жетишүүгө болот:**

- товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн, анын ичинде билим берүү жана саламаттыкты сактоо кызматтарынын аймактык рынокторуна жеткиликтүүлүктүн кеңейиши
- жолдо жүрүү убактысы кыскарат
- транспорттук каттам жана мобилдүүлүк жакшырат
- Ысык-Көл жана Түп райондорунун Темировка, Григорьевка, Кожояр, Семеновка, Ананьево, Жаркымбаев, Чоң-Өрүктү, Орто-Өрүктү, Ой-Тал, Ой-Булак, Кутурга, Фрунзе, Ак-Булуң, Күрмөнтү, Балбай Баатыр айылдарынын жол жээгиндеги инфраструктурасы (жаңы тамактануу пункттары, май куюучу станциялары, техникалык тейлөө станциялары ж. б.) жакшырат.

Мындан тышкары, курулуш мезгилинде облустун Ысык-Көл жана Түп райондорунун жергиликтүү калкы үчүн жумуш орундары түзүлүп, жол жээгиндеги инфраструктура жабдылгандан кийин туруктуу жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзүлөт.