> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Альянс Алтын» бюджетке 4.5 млрд сомдон ашык акча төлөдү
- URL: https://im.kg/all/2022/02/26/alyans-altyn-bjudzhetke-4-5-mlrd-somdon-ashyk-akcha-t-l-d/
- Published: 2022-02-26T13:24:34.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:08.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Үстүбүздөгү жылдын 10-февралына карата «Альянс Алтын» ЖЧКсы республикалык жана жергиликтүү бюджетке жалпысынан 4 млрд 519 млн сом, анын ичинде алтынды сатуудан түшкөн кирешеден 1 млрд 983 млн сом салык төлөдү. Мындай маалымат компаниянын отчетунда айтылат.**

Талас районунун инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана күтүүгө «Алтын Альянс» тарабынан 254.6 млн сомдон ашык төлөнгөн. Анын ичинде:

- Талас облусунун өнүктүрүү Фонду (50%) — 127.3 млн сом
- Талас районунун өнүктүрүү Фонду (30%) – 76.4 млн сом
- Бекмолдо айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фонду (20%) — 50.9 млн сом

2022-жылдын февралына карата кенде подрядчы уюмдарды кошкондо **1366 адам** жумуш менен камсыз болгон. Анын ичинен 330 жумушчу Бекмолдо айыл өкмөтүнүн тургундары.

- «Альянс Алтын» ЖЧКсында 668 кызматкер иштейт:
- 393 – Талас районунан (анын ичинен 156 Бекмолдоев айыл өкмөтүнөн),
- 186 – башка аймактардан,
- 89 – Бишкек шаарынан.

Талас районунун 361 тургуну кенде иштөө үчун окуган болсо, анын ичинен 197 адам «Альянс Алтын» ЖЧКсына жумушка орношкон.